Бүгүн, 13-май күнү «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесине «GAZonNEXT» үлгүсүндөгү таштанды жыйноочу жаңы унаанын ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Калаа башчысы заманбап техникалар тазалык кызматкерлеринин жумушун жеңилдетип, шаардын тазалыгын камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилеп, күн-түн дебей шаар тазалыгына кам көргөн жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча аракет көрүлүп жатканын билдирди.
Аталган унаа «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин өз каражатына, тагыраагы, атайын эсептеги үнөмдөлгөн 3 млн. 685 миң сом акча каражатына сатып алынган.
Белгилей кетсек, «Жалал-Абад Тазалык» мекемесине жакында эле облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 унаа сатып алынган. Ал эми алдыда «Жаратылышты өнүктүрүү» фонду тарабынан дагы 4 таштанды жыйноочу унаа келээри күтүлүүдө.