Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы жигит табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Д.у.Ө., 12-майда түнкү саат 23.00 чамасында өзү тоодон түшүп келген. Ал катуу үшүп жана коркуп калгандыгына байланыштуу сүйлөй албай жана кайда жүргөнүн айта алган эмес.
Буга чейин ӨК бөлүмүнөн 3 куткаруучу, РИИБнен 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам чыккан. Чаткал дарыясын, токойлорду издөө иштеринен эч натыйжа болгон эмес.
Эскерте кетсек, Чаткал районунун Чаткал айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылында 2004-жылы туулган Д.у.Ө., аттуу жаш жигит ушул жылдын 9-май күнү саат 21:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.