7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 1-июлдан тарта тойканалар ишмердүүлүгүн токтотот

836

Коронавирус оорусунун күчөшүнө байланыштуу Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жлал-Абад шаардык ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, 1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканалар ишмердүүлүгүн токтотот. Ошондой эле той-аш, эскерүү жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө да тыюу салынды. Мындан сырткары, менчигинин түрүнө карабастан шаардагы базарлар бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

Ошондой эле бардык мекеме-ишканалар, коомдук транспорттор, супермаркеттер, тамактануучу жайлар беткап жана антисептик колдонуу менен келген жарандардан да талап кылууга милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, айыппул салынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

837