Жалал-Абад шаарындагы №27 «Шүдүрүм» балдар бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн, 16-ноябрда пайдаланууга берилди. Жаңыртылган имараттын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үч кабаттан турган бала бакчанын эки кабатын жаңыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 150 миң сомдой акча каражаты сарпталган.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери шаарда 6 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.