7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 5 млн сомду кымырып алууга шектелип кызматкерлер кармалды

414

Жалал-Абад облусунда кызмат адамдары 5 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз пайдаланышкан. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Чаткал районундагы маданият үйүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында кызмат адамдары тарабынан 5 млн 255 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алуу жана кызматтык автоунааны эсептик баасын төмөндөтүү жана документтерди жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактылары такталды.

«Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Жыйынтыгында мурдагы директор Н.Ж.Н. жана башкы бухгалтер Б.А.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

415