7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 7 320 гектар жерди чегиртке каптап кеткен

322

Жалал-Абад облусунда 7 320 гектар жерди чегиртке каптаганы катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл зыянкечтер эрте пайда болгондуктан, адистер тарабынан 11 миң 530 гектар жайыт аянты текшерүүдөн өткөрүлдү. Учурда чегирткенин жайылышын алдын алуу максатында химиялык иштетүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Дезинфекциялоо иш-чаралары Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда 5 даана атайын техника менен аткарылууда.

«Бүгүнкү күнгө карата 4 миң гектар аянт иштетилип, жакынкы күндөрү дагы 7 миң гектарды камтуу пландалууда. Ошондой эле буга чейин Ош облусунун райондорунда да тиешелүү иштер жүргүзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда кырдаал көзөмөлдө болуп, алдын алуу иш-чаралары улантылууда. Республика боюнча бардык аймактарда көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

323