7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумушу жок кош бойлуу келиндер жөлөк пул ала алышат

3

Кыргызстанда жумушсуз кош бойлуу аялдар, эгерде жумуш менен камсыздоо органдарында катталса, төрөткө чейинки жөлөк пул ала алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү 24-апрелде «Ишеним» депутаттык тобунун отурумунда билдирди.

Депутат Нуржамал Торобекова учурда төрөткө чейинки бир жолку жардам иштеген жана айыл чарба тармагында эмгектенген аялдарга гана берилип жатканын, ал эми жумушсуздарга бул чара колдонулбай келерин айтты.

Эмгек министрлигинин өкүлү түшүндүргөндөй, иштеген аялдар үчүн кош бойлуулукка жана төрөткө байланыштуу төлөмдөр (эмгек өргүүсү) төмөнкүдөй каржыланат: алгачкы 10 күндү иш берүүчү төлөйт, 11-күндөн баштап төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Эгерде жумушу жок кош бойлуу аялдар катталган болсо, орто эсеп менен 7500 сомго жакын акчалай жөлөк пул ала алышат.

Министрликтин өкүлү тактагандай, бул үчүн жумуш менен камсыздоо борборуна катталуу керек жана аялдар эмгек стажы жок эле төлөм алуу укугуна ээ боло алышат.

4