7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Айдын аягында 300 миң мамкызматкер жогорулатылган айлык алат

12
 Айдын аягында социалдык чөйрөдө иштеген 300 миңге жакын кызматкер көбөйтүлгөн айлык алат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Кезинде айлык аз болгондуктан дарыгерлер, мугалимдер, маданият жана спорт тармагында иштегендер жумуштарын таштап кетишкен. Чынын айтканда фанаттар эле калган болчу. Мына ошолор менен бул тармактар кармалып келди. Акыркы 5 жылда мезгил-мезгили менен айлыктар жогорулап, көңүл бурулуп, шарттары түзүлүп иреттелип жатты. 2026-жылдын 1-апрелинен тарта айлык орточо 100% жогорулады. Айдын соңунда буюрса колдоруна көбөйтүлгөн айлыкты алышат. Мындан тышкары, реформанын маанилүү бөлүгү катары 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилди.

Шаардагы эмгек стажы жок жаш мугалим болжол менен 14 миң сом алса, азыр анын айлыгы болжол менен 39 миң сомду түзөт. Салык төлөмдөрү кармалгандан кийин, колуна 32 миң сомдун тегерегинде тийет. Бийик тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык эмгек стажы бар тажрыйбалуу мугалим мурда болжол менен 65 миң сом алса, азыр анын айлыгы 104 миң сомдун тегерегине жетет. Колуна болжол менен 90 миң сом тийет.

Шаарда иштеген башталгыч дарыгердин айлыгы болжолду 17 миң сом болсо, эми 42 миңдин тегерегинде болот. Тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык стажы бар тажрыйбалуу дарыгер мурда болжол менен 52 миң сом алса, апрелден тартып анын айлыгы 91 миң сомдун тегерегине жетет. Колуна болжол менен 75 миң алат. Жыйынтыгында, мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин жана андан жогору болот. Бул жогорулатуу жалпы жонунан социалдык чөйрөдө иштеген 300 миңге жакын кызматкерди камтыйт»,- деди Орунбеков.

 

13