7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Агартуу министри эки тилдүү мугалимдерди даярдоо зарылдыгын айтты

280
Кыргызстанда орус тили Баш мыйзам менен корголот. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Москвада өтүп жаткан «Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы» деп аталган форумда айтты.
Ал учурда тилди үйрөткөн мугалимдер жетишсиз экенин, министрлик мындан улам орус тили факультеттерин субсидиялоо же эки тилди билген мугалимдерди даярдоо боюнча сунуштарды киргизип жатканын белгиледи.
«Кыргызстан — кош тилдүү өлкө. Анда 1,5 миллион бала орус тили сабагын окуйт. Билим берүүнүн негизги миссиясы — кайсы жерде жашабасын, өз өлкөсүнүн креативдүү, чыныгы жарандарын тарбиялоо. Эң башкы баалуулук — Мекенге кызмат кылуу, муундар аралык байланышты, улуттук баалуулуктарды жана үй-бүлөлүк салттарды сактоо», — деди министр.
281