7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда бир үйдө жашаган 43 тилемчи кармалып, өлкөлөрүнө жөнөтүлдү

6959

Жалал-Абад шаарында «Кайырчы» рейди болуп өттү. Натыйжада бир турак үйдө 43 жаран жашап, алардын бардыгы тилемчилик менен алектенип келишкени аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 19-августта милиция кызматкерлери Ленин көчөсүндө рейд өткөрүп, кайыр сурап жүргөн 43 адамды кармашкан. Алардын баары ушул эле көчөдөн бир үйдү ижарага алып, чогуу жашашкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан документтери текшерилип, алардын 24ү Өзбекстандын жарандары экени, 19у Ош облусунун Кара-Суу районунан келгени жана цыгандар экендиги аныкталган.

Тилемчилердин арасында 70 жаштагы карыя, 18ге жашы жете элек жана төрт мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Милиционерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзбек улутундагы жарандар Өзбекстан Республикасына өткөрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6960