Жалал-Абад облусунун облустук төрөт үйүндө ушул жылдын 31-март күнү үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булагы облустук төрөт үйүнө байланышканда билдиришкен.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы шаар тургуну бир уул жана эки кыз төрөгөн. Учурда эне жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык.
«Гүлнара Бүркүтова 31-март күнү үч эм төрөгөн. Биринчи кыз наристе 1 килограмм 800 грамм, экинчи эркек наристе 2 килограмм, үчүнчү кыз наристе 2 килограмм», — деп билдиришти мекемеден.
Ымыркайлардын энеси Гүлнара Бүркүтованын башка дагы бир уул, бир кызы бар. 7 айлыгында төрөлгөн үч эмге Аделине, Адилет, Аделья деген ысымдар ыйгарылды. Энесинин туруктуу жашаган жери жок, ушул тапта батирде жашарын айтат. Азырынча жергиликтүү бийлик үч эмдин үй-бүлөсүнөн кабар алыша элек.