Кечээ, 8-апрелде Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде жайгашкан турак үйгө чагылган түшүп, күйүп кеткен.
ӨКМден билдиришкендей, турак үй өрттөнүп жаткан учурда 2009-жылкы Б.А., Б.Э. аттуу эгиз балдар жана 2009-жылкы А.М. аттуу бала терезеден качып чыгышкан.
«Алардан башка үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок. Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылган. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталган»- деп берилет маалыматта.