7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда дагы бир блогер кармалды

421

УКМК тарабынан социалдык тармактарда «Жазира Осмонова» деген ат менен белгилүү болгон жаран кармалды.

Кармалган О.Ж.С өзүн журналисттик иликтөөлөрдү чагылдырган блогер катары тааныштырып, бизнес өкүлдөрүнөн опузалап акча талап кылган.

Ал ишкерди Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларынан ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган деп айыптап, шантаж жана «журналисттик иликтөө» жүргүзүү менен коркутуп, андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган.

Ал буга чейин да ушундай эле факт боюнча кармалган дагы бир белгилүү блогер «Айка Мусаева» менен жакын байланышта болгон.

Учурда анын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат. Буга байланыштуу УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы кармалган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандарды (03722) 5-60-49 номери боюнча нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

422