7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда диний экстремизмдин алдын алууга багытталган семинар болду

542

Жалал-Абадда «Жаштар арасындагы радикалдашууну жана диний экстремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теориялык жана практикалык негиздери» аталышындагы семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинарга ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышышты.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстандагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдардын идеологиясы тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле экстремизди болтурбоодо коомдук алдын алуу борборлору кандай шартта иштөө зарылдыгы жеткирилди. Катышуучуларга Кыргызстанда тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар камтылган атайын баракчалар таратылды.

Семинардын соңунда суроо-жооп форматындагы маектешүүлөр орун алып, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543