7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда «Эң мыкты кыргыз боз үй» сынагы өттү

491
Быйыл, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
 Бир катар кароо сынактар, азык-түлүк, кол-өнөрчүлүк жарманкелери, сүрөт көргөзмөлөрү жана «Эн мыкты кыргыз боз үй» сынагы өттү.
Аталган кароо сынакка 6 облустан жана 2 шаардан катышуучулар келген.
Ар бир тигилген боз үй калыстар тобунун сынына коюлду. Алар боз үйдүн ички жана сырткы жасалгаланышына, нукуралуулугуна, салттуу элементтердин сакталышына басым жасап, баалоо жүргүзүшөт.
Сынактын калыстыгын камсыздоо үчүн тарыхчылар, этнографтар жана ар тармактагы адис тандалып алынган. Калыстар тобунун төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Октябрь Капалбаев.
492