7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү

211

Жалал-Абадда эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери Манас шаарындагы бир катар соода жайларына барып, эттин баасын текшерүүгө алды.

Кыдыруу учурунда эттин баасын кескин кымбат саткан соода жайларынын ээлерине эскертүү берилип, айып пулдар салынды. Соода объекттеринде эттин баасы 680 сомдон 700 сомго чейин сатылуусу керектиги эскертилди.

Бул чаралар эттин баасынын кымбаттоосун токтотуу жана калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында колго алынууда. Көзөмөлдөө аракеттери облустун бардык аймактарында күчөтүлөт.

212