7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тай казан жасатып берген. Чүйдө талапкер мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө айыпталууда

378

Чүй облусунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 2025-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкер Б.Б. өзүнүн штаб башчысы М.З. аркылуу Көкбөрү оюнунда колдонулуучу тай казанды сатып алуу үчүн 800 миң сом бөлүп, жеке ишкер Н.Р.ге жабдууну даярдоого бердирген. Жабдуу даярдалып, Сосновка айылына жеткирилип, жергиликтүү жаштарга пайдаланууга берилген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Талапкер жана окуяга тиешеси бар адамдар тергөө органдарына жеткирилген, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга мыйзам чегинде баа берилет жана тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ал эми, 2025-жылдын 13-ноябрында БШКнын чечимине ылайык, аталган кандидатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү Чүй ОИИББнын өтүнүчү канааттандырылды.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамы шайлоочулардын добушун сатып алууга, акча жана белек берүүгө тыюу салат.

379