7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жалал-Абадда үгүтчүлөр пакет таратып жүрүшөт» Штаб ачыктама берди

1311

Социалдык тармактарда «Жалал-Абадда үгүтчүлөр унаа толо азык-түлүктөрдү шайлоочуларга түндөп таратып жүрүшөт», — деген маалымат тараган. Анда алар «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын үгүтчүлөрү экендиги айтылып, шайлоо алдында добуштарды сатып алуу аракети көрүлүп жаткандыгы белгилеген.

Видео Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнун биринде тартылган.

Буга ылайык «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Жалал-Абад шаардык штабынын жетекчиси Майрамбек Адылбеков 7-каналга маалымат берип, тасмадагы окуяга партиянын тиешеси жоктугун билдирди.

«Аты аталган аялдар биздин партияда үгүтчү болуп катталган эмес. Ал эми талапкер деп айтылып жаткан адам катталган, бирок анын шайлоо участкасы башка жакта. Бул багытта азыр шаардык милиция териштирүү иштерин алып барып жатат», — дейт ал.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБи азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого бул партиядан сырткары Ата-Журт Кыргызстан, Нур, Ыйман-Нуру, Бүтүн-Кыргазстан партиялары ат салышууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1312