7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россиянын «Достук» паркынын курулушуна капсула салынды

796

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркы түзүлөт.

Парктын курулушуна бүгүн, 11-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук капсула салды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиковдун берген маалыматына караганда, бул паркка түрдүү иш-чаралар үчүн аянтча, павильондор, веложолдор, балдар аянтчалары, шахмат жана башка спорт аянтчалары курулат. Парктын аянты болжолдуу 7 гектар болот. Новиковдун өз өсүндө аны курууга жалпы 2 млн доллар инвестиция салынып, курулуш иштери кийинки жылы бүтөт деп билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жыйында берген маалыматына ылайык, эки тараптын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу тармактарында 40тан ашуун келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн облустары менен шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча 10дон ашуун келишимдер бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

797