7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштургандардын лидерлери кармалды

727

2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандардын лидерлери жана уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Кыргызстандын жараны Г.Т.У. кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырган. Ошондой эле, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон.

Дагы бир жарандын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы “Круговое” деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 6,5мм калибрлүү 1 — “SAKO TRG-22” снайпердик мылтык, “Prazise Jagen” оптикасы жана “Pulsar” түнкү көрүү аппараты менен, 1 – “SAUER 101” карабини (мылтык), 1 — 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал “FABARM XLR” жана алар үчүн 76 даана ок табылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

728