7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда милициянын өткөн жылы аткарган жумуштары эл талкуусуна коюлууда

300


Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу жана милициянын иш-аракетине карата жергиликтүү тургундардын ой-пикирлерин угуу максатында элдик жолугушууларды өткөрүү улантылууда. Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Элдик жыйындар бекитилген графиктин негизинде облус аймагында тынымсыз өткөрүлүп келүүдө. Атап айтсак Аксы районунун 7 айыл өкмөтүндө, Токтогул шаарында жана Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүндө, Кара-Көл шаарынын тургундары менен №3 Фрунзе атындагы мектебинде, Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылында элдик жолугушуулар өткөрүлдү. Бул жыйындарга шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик башчылары жана ошол аймактардагы тургундар катышышты.


Милициянын участкалык инспекторлорунун, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2020-жылы аткарылган жумуштар тууралуу баяндамалар берилди. Жыйындардын катышуучулары милицияга болгон сунуштарын жана суроолорун беришип, жеринде жоопторун алышты. Негизинен жергиликтүү тургундар милициянын жыл ичинде аткарган жумуштарына оң баасын беришип, пандемия учурунда да талыкпастан кызмат өтөшкөндүгүн белгилешти.


Элдик жыйындар учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды кылмыштуулуктун алдын алууда көмөктөшүүгө чакырышты. Ошондой эле өспүрүмдөрдү ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгы белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

301