7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда мурда соттолгон 29 жаштагы жаран 10 кг маңзат менен кармалды

598

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизатты ташуу жана сатуу каналын аныктоого жана бөгөт коюга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин расмий сайтында кабарланат.

9-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттын партиясы менен мурда бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган И.Ж. кармашкан. Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды (таңгагы менен) түзгөн таңгакталган 10 даана ооган түспөлүндөгү “гашиш” баңгизаты табылып алынган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599