7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү Кыргызстанда башталды

423

Жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү алдында турат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык аймактарын жогорку ылдамдыктагы жана жеткиликтүү интернет менен камсыздоо ведомствонун приоритеттүү багыттарынын бири экени айтылды.

«Учурда 4G байланышы өнүгүп жогорку чегине жете элек, бирок улуттук телекоммуникация тармагы байланыштын бешинчи мууну — 5G интернетин ишке киргизүү алдында турат. Жаңы технология маалымат алмашуудагы кыйынчылыктарды жоюуга, жасалма интеллектини киргизүүгө жана келечекте «акылдуу шаар», «акылдуу турак жай» долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет. Ошондой эле өндүрүштүк процессти оптимизациялап, кеңсе, соода борбору жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилердин ишин жеңилдетет», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик 5G технологиясын киргизүүгө төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылышы керектигин маалымдады:

  • Учурдагы радиоэлектрондук каражаттан келечектүү тилкелерди бошотуу иштерин жүргүзүү;
  • Технологияны сыноо үчүн бир шаарды тандоо жана 5G технологиясына кызыккан уюлдук байланыштар менен сынап көрүү;
  • Калкка сапаттуу интернет жеткирүү боюнча мониторинг жүргүзүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

424