18-июндан баштап «Бишкек-1» — «Балыкчы» темир жол каттамы жүрө баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Поезд Бишкек-1 станциясынан саат 7:00дө жөнөп, Балыкчы станциясына саат 11:59да жетет. Кайтып келүү ошол эле күнү саат 17:15те башталып, Бишкек-1 станциясына саат 22:03тө жетет.
Беш жашка чейинки балдар үчүн жол кире акысыз (бир чоң жүргүнчүгө бирден бала эсептелгенде), 5 жаштан 10 жашка чейин — 34 сом, 10 жаштан жогору — 69 сом.