Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринин финалында каршылашын 7:1 эсеби менен жеңип, алтын тагынды.
Маалыматка ылайык, 62 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Тыныбекова финалда канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен кармашып утуп алган.
Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
Чейрек финалда кыргызстандык балбан россиялык Любовь Овчарова менен кез келген. Беттештин биринчи бөлүгүндө 2:8 эсебинде утулуп жатып, экинчи үч мүнөттүктө эсепти адегенде 10:8ге өзгөрткөн. Көп өтпөй атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.
Жарым финалда дагы бир россиялык балбан Светлана Липатова менен чыгып, 3:1 эсебинде уткан. Бул жеңиш менен кыргыздын балбан кызы финалга чыкты.
Дагы бир балбан кыз Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, жарым финалда эстониялык Эпп Мэйге жеңишти алдырып койду. Эми коло байге үчүн Лондон Олимпиадасынын чемпиону, россиялык балбан Наталья Воробьева менен кармашат.
Мелдеш ушул күндөрү Варшава шаарында өтүп жатат. Эртең Нураида Анаркулова (59 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) килемге чыгышат.
Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы да аталган мелдештин чемпиону болгон. Финалда ал россиялык спортчу кыз Анжела Фоменкону жеңген.