7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имараты ачылды

396

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Р.Г. Бауэр атындагы облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты.

Аталган борбор 1948-жылы чопо жана жыгач сыяктуу материалдардан курулуп, моралдык жактан эскирген эле. Өткөн жылы республикалык бюджеттин эсебинен кургак учукка каршы оорукананын жаңы имаратынын курулушу эл аралык стандарттарга ылайык, инфекциялык контролдоо чараларын сактоо менен башталган. Жаңы үч кабаттуу имарат 96 орунга ылайыкталган.

Мамлекет башчысы борборду, тактап айтканда бейтаптардын жайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттары бар палаталарды, ошондой эле орнотулган медициналык жабдуулар, анын ичинде заманбап санариптик рентген аппаратты ж. б. көрүп чыкты.

Садыр Жапаров ден соолук маселеси ар заман маанилүү экенин баса белгилеп, саламаттык сактоо сектору мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

 

397