7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жалал-Абадда IT-борборун ачты (ФОТО)

283

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында жаңы IT-борборду ачты. Борбор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн жана өлкөнүн IT-тармагын өнүктүрүүдө, аны жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

2023-жылдын май айында башталган үч кабаттуу инновациялык IT-борборунун курулушу учурда 100% аяктаган. Долбоордун жалпы баасы 65 млн 363 миң сомду түздү. Долбоор IT-RUN компаниясы тарабынан мамлекеттин жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылды. Мамлекет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын атынан жер берип, имаратты курган. IT-борбор өз кезегинде кадрларды жана окутууну камсыздаган. Борбор балдарга да, чоңдорго да программалоону үйрөтөт. Жыл сайын IT-мектепте 10 орун шаардык мэриянын комиссиясы тарабынан тандалып алынган 7 жаштан жогоркуларга бекер берилет.

IT-борборду ачып жатып, Мамлекет башчысы IT-тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Ал Кыргызстанда маалыматтык технологиялар тармагында аймактагы лидер болуу үчүн бардык зарыл ресурстар бар экенин баса белгиледи. IT секторун өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бул максатка жетүү үчүн эффективдүү инструмент катары каралууда.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров борбордо эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарында IT-тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында IT-тармагын өнүктүрүүнү каалаган жаштарга жана инвесторлорго ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды.

Андан кийин Садыр Жапаров жаңы IT-мектептин аймагына бак-дарактардын көчөттөрүн отургузууга катышты.

 

 

284