2021-жылдын 10-январында өтүүчү Президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү багытында Жалал-Абад ОИИБи тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак райондук жана Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмдөрү тарабынан мергенчилик сүйүүчүлөр жана куралы бар каттоодо турган атуулдар текшерүүгө алынууда. Милиция кызматкерлери курал-жарактардын сакталуу жайларына, алардын тиешелүү документ иштерине көзөмөл кылып жатышат.
Ошондой эле эл арасында мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Чаткал РИИБи тарабынан шайлоого байланыштуу добуш берүү тилкелериндеги коопсуздук эрежелери текшерилди. Район аймагындагы Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар жана Айгыржал участкаларынын коопсуздугу көзөмөлгө алынып, шайлоо участогундагы кызматкерлер менен маектешүүлөр орун алды. Добуш берүү учурундагы тынчтыкты сактоо жана ар кандай провакациялык чакырыктардын алдын алуу маселеси талкууланды.