7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

211

Жалал-Абад шаарында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБне 1980-ж.т. шаар тургуну С.К. арызданып, 2021-жылдын 5-февраль күнү саат 09:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы «Народный» дүкөнүнүн эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп киришип, кассадан 30 миң сом акчасын уурдап жана сыртта турган терминалды бузуп, материалдык зыян келтиришкендигин билдирген.


Ошондой эле дагы бир Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну К.Н. арызданып, 2021-жылдын 3-февралга караган түнү Төш-Кутчу айылындагы азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз кылмышкерлер терезеси аркылуу киришип, 11000 сомдук товарларын жана кассадан 30 миң сомго жакын акчасын уурдап кетишкендигин билдирип, аларга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.


«Аталган фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун тургундары 2001-ж.т. А.Б., М.А., Т.С. жана 2003-ж.т. М.С. кармалышкан. Алар тергөө учурунда кылмыш иштерин толугу менен моюндарына алышып, жасаган жумуштарына өкүнүп жатышкандыгын билдиршкен. Учурда тергөө иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

212