Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, жолду тосуп калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 409-чакырымындагы Беке-Чал тилкесинде «МAN» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, жолду тосуп калган.
Жерине 4 куткаруучусу тартылып, иш алып барышууда. Учурда унаалар өтүп жатат.