7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо болуп ѳттү

161

Бүгүн 29-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 2021-жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Анын алкагында ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳн кызматкерлер, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде ийгиликке жеткендер сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сѳз кызматы билдирди.


Салтанаттуу жүрүштүн алдында Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович жалпы ѳздүк курамды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, майрам күндөрү белгиленген графиктин алкагында ар бир кызматкерди ишенимдүү кызмат өтөөгө чакырды.


Андан соң Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович сѳз сүйлѳп, милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер болуусун, ѳлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, мамлекетибиздин ѳнүгүп ѳсүүсүн каалады.


Жаңы жылга карата облустун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы миңден ашуун милиция кызматкери кызмат ѳтѳшѳт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

162