7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жашыруун медресенин ишмердүүлүгү токтотулду

610

Жалал-Абадда жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын УКМКдан билдирди.

1998-жылы туулган диний билими жок КР жараны М.Х.А. жашаган жеринде диний сабактарды уюштурган. 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга (12 бала), сабактар күн сайын саат 09:00-12:00дөн тартып өткөрүлгөн жана сабактар өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келген эмес. (жараксыз жана салкын бөлмөлөр) Ошондой эле, колдонулган адабияттар Кыргызстан Мусулмандар дин башкармасы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окушпаганы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган жаранга карата актылар жана протоколдор түзүлүп, 7500 сом айып салынды. Мындан тышкары, жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан орто мектептерде жашы жете элек балдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

611