7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жыл ичинде ийгилик жараткан спортчулар сыйланды

802

Бүгүн, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевдин демилгеси менен ушул жылдын ичинде Азиялык, эл аралык дана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада жалпы 70 спортчу жана машыктыруучуларга ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасы жана алкыш барактары, мелдештердеги ийгиликтерине ылайык 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл жаш спортчулардын жетишкендиктери, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин натыйжасы экенин белгиледи. Мындан арады да спорт аркылуу облусту даңазалап, Кыргызстандын желегин желбиретүүдө ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, облустагы бир катар мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо максатында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 595 миң сом акча каражат бөлүнгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

803