7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” кароо-сынагы өтүп жатат

962

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси жана шаардык мэриянын колдоосу менен «Жылдын мыкты тарбиячысы-2021» кароо сынагы өтүүдө. Сынакка шаар боюнча 23 бала бакчадан 6 тарбиячы катышууда. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзүү, педагогикалык суроолорго жооп берүү, актёрдук чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Кароо-сынактын максаты шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш-мерчемдерин жайылтуу, окуу-тарбия иштерин уюштуруу жана өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат.

Сынак үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом акча каражты бөлүнгөн. Сынактын жеңүүчүсүнө шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошууну тарабынан 10 күнгө Ысык-Көлгө жолдомо, Ардак грамота жана балуу белектер менен сыйланышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

963