7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддагы «Ден соолук» спорттук борбору жаңыланат

424

Жалал-Абад шаарындагы «Ден соолук» спорттук борбору жаңыланат. Бул тууралуу️ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган борбордун абалы менен жеринде таанышуу учурунда билдирди.

Аталган жай буга чейин Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин карамагында болуп келген. Бирок, тийиштүү деңгээлде пайдаланылган эмес. Анткени, борборду оңдоп-тузөөгө каражат жагы маселе жаратып турган.

Эми бул борбор Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансына алынып, кайрадан толугу менен жаңыланат. Бул боюнча Камчыбек Ташиев, жеринде, борбордун бүгүнкү абалын көрүп чыккандан соң шаар мэрине тапшырма берди.

Аталган жайдагы футбол талаасы, спортчулар үчүн зарыл шарттар заманбап деңгээлде жаныланат. Ошондой эле, бассейн курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жарыктандыруу иштери толугу менен заман талабына шайкеш келтирилет. Борбордогу спорт залы дагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Курулуш иштери жакынкы аралыкта башталып, келээрки жылдын аягына чейин толугу менен бүткөрүлүшү керектигин, өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан коюлган бул тапшырманы көзөмөлдөө жагын Ташиев өзү колго алганын эскертти.

 

425