7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддагы «Йакын-Инкар» уюмунун 4 активдүү мүчөсү кармалды

803

Жалал-Абад шаарында «Йакын инкар» диний-экстремисттик кыймылынын жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында “Йакын-Инкар” ДЭУнун Жалал-Абаддагы уюмунун төрт активдүү мүчөсү кармалышты.

Аталган ячейканын мүчөлөрү Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны үгүттөө жана жайылтуу боюнча иш алып барышып, КМДБдан эч кандай тиешелүү уруксаат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталды. Ошондой эле диний көз караштардан улам, алар светтик жашоо образын таптакыр четке кагып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн жана башка медициналык процедуралардан өтүүгө тыюу салышкан.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында аталган адамдардын даректеринен «Йакын-Инкар» ДЭУнун диний-экстремисттик адабияттары табылып, алынган материалдар боюнча соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804