7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жамалбек Ырсалиев: Азыркы президентибиз да тарыхта калат

228
Садыр Жапаров – элдик ишенимге ээ болгон лидерлердин алдыңкы сабында. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев фейсбукка билдирди. 

«Акыркы 4 жылдын ичинде мамлекетибизде болуп жаткан өзгөрүүлөргө баарыбыз күбөбүз. 100% элге жагыш мүмкүн эмес…

Бирок, келечекте тарых өз баасын берет. Мисалы: Исхак Раззаков сыяктуу лидерлердин сөзү менен иши дал келген үчүн азыр да көп мамлекеттик кызматкерлердин кабинетинде сүрөтү илинип, Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот-деген таамай айтылган сөзүн ураан кылып келебиз.

Азыркы президентибиз да тарыхта калат. Ак жеринен камалганын баарыбыз билебиз. Азыр болсо элибиз үчүн жан үрөп, күнү-түнү иштеп жатканын көрүп турсак да көрмөксөн болуп отура беребиз. Биз бүгүн Кытайдан учуп келдик. Беш күндүк иш сапарымда алты шаарына барып, инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүздүк. Биздин президентибиз Садыр Жапаровдун расмий иш сапарын ооздорунан түшүрбөй айтып отурушат. Кытай жаңы жылынын жаңырышы менен бизге Кыргыз президенти келди-деп, ар-бир биз жоолуккан компаниянын өкүлдөрү кубаныч менен Кыргыз мамлекети менен Кытай мамлекетинин достугу чыңдалды деп сүйүнүп тосуп жатышты. Кытайдын дүйнөнү дүңгүрөткөн экономикалык өнүгүшүн баарыбыз билебиз. Бирок, ошол Кытайлар сыйлап, кадырлап тосуп жаткан биздин президентибиздин кадырын билебизпи? Маселе, ошондо…

Кытайлар биздин жерге кызыгат, аларда жер тартыш экен бизди басып алат экен, тамынын башына (Крышага) күрүч айдайт экен-деген жомоко дагы эле ишенгендер бар. Аларда биздикинен кенен жерлер айдалбай жатканын баргандын баары көрүп келип жатат го?!

Кытай биздин келечекте өнүгө турган жолго түшкөнүбүздү көрүп, биз менен кызматташууга кызыктар экенин көрүп, кубанычыбыз койнубузга батпай, президентибизге ыраазы болуп келдик. Келип интернетти карап жатсам мындай сонун кубанычтуу кабар. Демек, Кытай эле эмес, КМШ өлкөлөрү, дүйнөнүн булуң бурчу сыйлап, мамлекетибизди таанып, эгемендүү эл экенибиздин сакталып турганы кандай бакыт. Анда эмесе, биздин элибизди сурамжылоонун жыйынтыгына назар салыңыздар?!

73,5% кыргызстандыктар президент Садыр Жапаровго ишеним артарын билдиришти. Бул САЕАС «ФОКУС» борбору өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгы. Кыргыз Республикасынын президенти постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин ичинен ишеним рейтинги боюнча алдыңкы үчтүктөн орун алды. Биринчи орунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (79,8%), экинчи орунда Азербайжандын президенти Илхам Алиев (75,3%), үчүнчү орунда Садыр Жапаров (73,5%) жайгашты.

Рейтингдин акыркы саптарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (13,9%) жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе (49,4%) калды. Пашиняндын антирейтинги эң жогору болуп, 64% ишеним көрсөтпөй турганын билдирген.
Сурамжылоону САЕАС «ФОКУС» борбору жүргүзгөн. Бул уюм телефондук сурамжылоо аркылуу постсоветтик өлкөлөрдө коомдук пикирди иликтейт. Изилдөөнүн тактыгына 3% ката кетүү ыктымалдыгы бар», — деди Жамалбек Ырсалиев.

229