Нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын улам, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу, «Ошшаарсууканал» ишканасы кабарлайт. Аталган мекеме мындай учурларды шаар тургундарына атайын унаалар менен суу жеткирип берүү кызматын көрсөтөт.
Суу ташуучу унаалар (водовоз) менен аймактарга таза суу жеткирүү үчүн төмөнкү байланыш номери аркылуу заявка калтырсаңыздар болот .
Водовоз 03222 5-04-16 0553200-105, 0225105-105, 0999105-105