Аксыда сел агызып кеткен 5 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адам табылган.
14 июль күну саат 10:30 да Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында сел агызып кеткен 3 жаштагы Фатиманын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Бүгүн 5 жаштагы баланы издөө иштери уланат.