“Социал-демократтар” партиясынын камакта жаткан лидери Темирлан Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекова агасына Бишкектеги №1 тергөө абагында басым-кысым болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына пост жарыялап, Темирлан Султанбеков 18 адам менен бирге бир камерага камалып, алардын ичинен эки киши орун жок болуп жерге жатышканын, арасында кургак учук менен ооругандар да бар экенин жазды.
Муну моралдык жана психологиялык басым деп баалаган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Темирлан Султанбеков кургак учук менен ооруган адамдар менен бир камерага жаткырылганы боюнча маалыматты четке кагып, кандайдыр оорусу бар шектүүлөр дарыланыш үчүн №31 мекемеге жаткырыларын кабарлады. Андан тышкары басым болуп жатканы тууралуу башка да дооматтар негизсиз экенин кошумчалады.
22-ноябрдын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, 10 адам кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып такты.



