7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Адам укугу ыйык экени эске алынып, тергөө менен кызматташуу деген норма алынып салынды

531

Бүгүн, 20-ноябрда, прокуратура кызматкерлерине карата салтанаттуу иш чара өттү.

Бул иш чарада «Мамлекеттин, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн укуктук механизмдерди жөнгө салып, өркүндөтүүгө багытталган чаралар кабыл алынды», — деп билдирди өлкө башчы Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы 1-декабрдан баштап күчүнө кире турган кодексте азыркы кодексте орун алган тергөө менен кызматташуу деген норма алынып салынганына токтолду.

Президент адам укугу ыйык экени эске алынып, аталган норма алынып салынганын өзгөчө белгиледи.

«Себеби, кылмышка шектүү катары каралган адамдардын бирөөсү кызматташууга макул болуп кылмыш жөнүндө маалымат берсе адамдын күнөөсү бар же жок экени такталбай туруп жоопко тартылып кеткенине күбө болуп жатасыздар.

2019-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жаткан бүгүнкү кодекстерди ким даярдаганы жана кимдер кандай кабыл алдырганын жакшы билесиздер.

Биздин бүгүнкү заманыбызга, элдин кызыкчылыгына карама каршы келген кодекс болгон. Негизи, чынын айтсам, бүгүнкү иштеп жаткан кодекс силер үчүн урматтуу прокурорлор, тергөөчүлөр үчүн, биз үчүн, мына бийлик башындагылар үчүн эң ыңгайлуу кодекс.

Элестеткиле, мисалы үч адамды, бир кылмыш жасаган үч кылмышкерди тергеп жатасыздар. Анан тергөө менен кызматташам дедиргизип эле каалаган адамды камай берсе болот бүгүнкү кодекстер менен. Бул бийлик үчүн ыңгайлуу дегеним, бийлик өзүнүн саясий оппоненттерин же болбосо көңүлүнө жакпаган адамдарын бүгүнкү кодекс менен каалагандай каматып ийсе боло берет. Туурабы? Башыбыздан дагы өттү. Биз мунун баарын жок кылып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган нормаларды киргиздик. Анткени түбөлүк эч ким жок. Менин дагы бийлигим бүтөт, кудайдын айткан күнү. Сиздердин дагы прокурорлук мөөнөтүңүздөр дагы аяктайт, пенсияга кетесиздер, заман өзгөрөт дегендей. Анан биз бир күндүк убактылуу кызыкчылык үчүн же жеке кызыкчылык үчүн жашабай, ошол коомго, мамлекет үчүн, коом үчүн жакшы иштерди жасап, тарыхта бир ак баракка жазылып калгандай болушубуз керек», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата өткөн иш-чаранын катышуучуларына кайрылып жатып.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

532