7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула

1051

Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп жатып билдирди.

«Соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем.

Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту»,- деп билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1052