7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Бердымухамедовго ыраазычылык билдирип, каалаган учурда келип кетүүсүн чакырды

532

Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөн жергесине болгон расмий сапарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сапардын алкагында өткөн иш-чаралар, айрыкча сиз менен конструктивдүү жана бири-бирине ишеним арткан маанайда өткөн жолугушуулар кыргыз-түркмөн бир туугандык алакаларынын өнүгүүсүнүн дагы бир тарыхый тепкичи болуп калды. Ал жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашуулардын айрымдары тез арада иш-жүзүнө ашып жатышына абдан кубанычтамын», — деп белгиленет Садыр Жапаровдун жолдогон ыраазычылык катында.

Ошону менен бирге Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргыз Республикасына жооп сапар менен ыңгайлуу, каалаган убакытта келип-кетүүгө чакырып, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине ачык асман жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

533