7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров бийликтегилерди антикризистик режимде күнү-түнү иштөөсүн буйруду

1348

Өлкө башчы Садыр Жапаров Министрлер кабинетинде чукул кырдаалдын режиминде күнү-түнү иш алып баруусун талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-майда элге жасаган кайрылуусунда айтты.

Президент өкмөттүн алдындагы негизги аткарыла турган милдеттерди тизмектеп, тез чечим абыл алынышын талап кылды.

«Экономикалык өсүштү касыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл.

Биринчи милдет: Мамлекетке инвестициялардын агамын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү. Ал эми өкмөт менен Улуттук банктын алдындагы эн чоң милдеттеринин бири экономиканы капитал менен камсыздоо.

Экинчи милдет: Өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө.

Мунун эки шарты бар:
1-Соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо.
2-вакцинация маселеси. Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шарттарында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат.

Үчүнчү милдет: Азык-түлүк товарлардын кымбаташына жол бербөө. Калкты социалдык жактан маанилүү товарлар менен камсыздоо маселесин өкмөт көз жаздымда калтырбай карап чыгып, бааларды тез арада жөнгө салсын.

Антикризистик саясаттын киийнки өңүтү чечимдер тез кабыл анылып, ыкчам аткарылышы керек. Министрлер кабинетинде чукул кырдаалдын режиминде күнү-түнү иштөөсүн талап кылам. Антикризистик режимдин шартында иштөөнү жергиликтүү бийликтерден дагы талап кылам», — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1349