7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Бири-бирин коргоо», «пара берүү» сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек!

407

Бүгүн, 16-ноябрда, Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы, ишкерликти коргоо боюнча кошумча чараларды караштырууга багытталган эки жарлыкка кол койгон.

«Анын негизинде укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок, негизсиз текшерүүлөрүн токтото алдык. Ал тургай Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматты жойдук. Анткени, мамлекеттик бийлик системалары бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштеши керек. Ата мекендик болобу же чет өлкөлүк болобу, инвесторлордун ар бир кайрылуусу, же жарандардын ар бир кайрылуусу менен арызы өтө кылдаттык менен изилденүүгө тийиш. Рейдерлик басып алууларга күнөөлүүлөр, билип туруп адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек», — деди ал.

Ошол эле учурда, өлкө башчы белгилегендей, бизнес коомчулугу, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактоо менен иштөөгө тийиш. «Бири-бирин коргоо», «пара берүү» жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек, — деди ал.

Мамлекет башчысы, бизнестин катышуучуларынын ортосундагы экономикалык талаш-тартыш маселелери мыйзам чегинде сотто чечилиши кажет. «Экономикалык маселелер боюнча кабыл алынган сот актыларынын сапатын жогорулатуу үчүн бул ишке бизнес-ассоциацияларын тартуу менен бирге сот системасынын потенциалын жогорулатуу зарыл», — деди Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

408