7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Бирок, бийликтин карапайым элден алыстап калганы билинди…»

895

Президент Садыр Жапаров 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Апрель элдик революциясына он бир жылдын жүзү болуп олтурат.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында калды.

Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

2010-жылы 7-апрелде кыргыздын уул-кыздары Акүйдүн алдына ɵз саясий укуктарын коргоо үчүн барган эле. Бирок бийликтин карапайым элден алыстап калгандыгы билинди. Апрель окуяларында элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык.

Арадан канча мезгил ɵтсɵ да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берет.

Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү  демократиялык жолдун тандалып алынышы болду.

Бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө.

Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

896