7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Бишкекке алынган кытайдагы автобус чыгарган заводго барды

444

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында «Zhongtong bus Holding Co., LTD» автобус чыгаруучу заводуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле.

Бул жерде Кыргызстан үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобустун салтанаттуу чыгарылуусу жана бет ачары болду.

Автобустардын бул партиясы этап-этабы менен Бишкекке жеткирилет.

500 автобустун биринчи партиясы этап-этабы менен үстүбүздөгү жылы, кийинкиси — 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө.

Жалпысынан кыргыз тарап борбордун транспорттук маселелерин чечүүгө багытталган 1000ден ашык заманбап, экологиялык жактан таза автобустарга ээ болот.

Zhongtong bus Holding Co., LTD” компаниясы 1958-жылы негизделген жана 1971-жылы автобустарды чыгара баштаган, ал эми 2000-жылы Шэньчжэнь шаарында листингден (катталуу) ийгиликтүү өткөн.

“Zhongtong Bus Holding Co., LTD.” компаниясы Кытайдагы эң алгачкы автобус өндүрүүчүлөрдүн бири.

Бүгүнкү күндө компания Кытайдагы эң ири жана ийгиликтүү автобус өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат, ал автобус индустриясында «жашыл» технологияларды өнүктүрүүгө басым жасайт.

Садыр Жапаров жол куруу машиналары жана жабдуулары, өнөр жай машиналарынын көргөзмө аймагын кыдырып чыкты.

Мамлекет башчы ошондой эле жаңы автобустардын өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын жетекчилиги жана адистери менен баарлашты.

Президент кыргыз тарап соода жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар алдыңкы бизнестин өкүлдөрү менен түз баарлашууга ар дайым кубанычта экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан эки тарапты тең кызыктырган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын буга чейин “Zhongtong bus Holding Co., LTD” менен кызматташуу боюнча жакшы тажрыйбасы бар экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, автобустардын бул партиясы Бишкектеги транспорт каражаттары менен камсыздоо көйгөйүн чечет. Автобустар мурункулардай эле экологиялык жактан таза транспорт эсептелген газ кыймылдаткычы менен жабдылган.

Компаниянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө ниетин тастыктап, чыгарылган продукциянын жогорку сапатына жана тейлөөсүнө кепилдик берди.

Президент Садыр Жапаров компаниянын жетекчилигине кайрылып, кыргыз тарап чыгарылган автобустардын коопсуздугуна, ыңгайлуулугуна, сапатына жана экологиялык жактан таза болушуна өзгөчө маани берерине көңүл бурду.

Жыйынтыгында тараптар бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

445