7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө медкызматкерлердин эмгек акысына мыйзамсыз үстөк кошулуп турган

1087

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун жетекчисинин жана кызматкерлеринин эмгек акысына мыйзамсыз үстөк кошуп эсептөө фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери, өкмөттүн «Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча акыларды белгилөө тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттары бар иштердин (оор жумуштар, эмгектин зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө шарттары бар жумуштар) түрлөрүнүн тизмегин бекитүү, өзгөчө климаттык шарттар менен иштөө туралуу 2015-жылдагы № 258-токтомуна таянуу менен, зыян келтиргендиги үчүн эмгек акысынын 25% өлчөмүндө үстөк акы алышкан, бирок тиешелүү ченеми 2022-жылдын август айында күчүн жоготкон.

Мындан тышкары аталган мекеменин жетекчилиги 2011-жылдагы №13 «Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө» токтомуна таянып, эмгек акысын 5% өлчөмүндө үстөк акы алып турган, ал токтом 2022-жылдын мартында күчүн жоготкон.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1088