7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров «D Billions» тобуна Ардак грамота тапшырды

520

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйнөгө белгилүү “D Billions” чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту.

Команданын курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, ошондой эле аткаруучулар: Исманалиев Бактыбек — Чики (Chiky), Анаркул уулу Асылбек — Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков — Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина. Векуа — Ляля (Lya-Lya).

Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Башчысы “D Billions – биздин өлкөнүн чоң сыймыгы” деп белгиледи.

“Бүткүл дүйнөнүн балдары Чики, Ча-ча, Бум-Бум жана Лялинин кызыктуу жана билим берүүчү жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды – азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, — деди Акылбек Жапаров.

“D Billions” командасынын мүчөлөрү МинКаб Башчысына Кыргызстандын балдарына 1-июнда калаанын борбордук аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестивалды тартуулоо демилгеси тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, алдыдагы чыгармачылык пландары менен бөлүшүп, атап айтканда, кийинки жылы дүйнөлүк концерттик турнесин өткөрүү тууралуу бөлүштү.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров “Маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн” “D Billions” командасын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

МинКаб Башчысы чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоону убада кылды.

Белгилей кетсек, “D Billions” – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет.  Англис тилдүү «D Billions» каналынын 25 миллиондон ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контентти чыгарат жана айына 400дөн ашуун тасмаларды (роликтерди) чыгарат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

521