7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары 30 күндүк мөөнөт менен визалык талаптардан бошотулду

586

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган КРнын Министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду (26-май 2023-жылы № 109).

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 3-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзамда тараптардын макулдашуусуна ылайык Кыргызстандын жарандары — дипломатиялык, кызматтык, жарандык паспорттордун, ошондой эле Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө күбөлүктүн ээлери жана Мальдив Республикасынын жарандары — дипломатиялык, расмий, жарандык паспорттордун, ошондой эле убактылуу жол жүрүү документтеринин ээлери Тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, кетүү, транзиттик жана убактылуу болуу үчүн, эгер ал жакта болуунун ар бир мезгилинин узактыгы алар кирген учурдан тартып 30 күндөн ашпаса,  визалык талаптардан бошотулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

587